ХАКАСИЯДА КӨЛГӨ ЭС АЛУУГА БАРА ЖАТКАН КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР КАЗА БОЛДУ

0

Кыргызстандык туристтер Хакасияда көлгө бара жаткан жолдо жол кырсыктан каза болушту. Кырсык 11-август күнү саат 13:50дө Ачинск – Ужур – Шира – Троицкий унаа жолунун 232-чакырымында катталды.

Nissan Sunny унаасынын 24 жаштагы айдоочусу башкаруусун жоготуп, жолдон чыгып кеткен. Натыйжада иномарканын артында отурган эки жүргүнчү каза таап, айдоочу жана эки жүргүнчү ооруканага жаткырылды.

Бул факт боюнча кылмы иши козголду.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.