Казакстандын Акмола облусунда жаш бала антисептик ичип алып чарчап калганын NUR.KZ жазды.
Сандыктау райондук ооруканасынан билдиргендей, дем алыш күнү аларга беш жашар кыз келип түшкөн. Наристе клиникалык өлүм абалында болгон.
Дарыгерлер адреналинден баштап, өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттарга чейин кошуп тийиштүү чараларды көргөн. Бирок кыз ооруканага келгенден кийин жарым саатта каза болгон.
Белгилүү болгондой жаш кыз 27 жаштагы тууганы менен үйдө болчу. Ата-энеси ажырашып кетишкен, апасы ал күнү жумушта жүргөн. Кыз сервантка чыгып, антисептиктин бөтөлкөсүн таап алып, ал суюктукту сок деген ойдо ичип жиберген болушу мүмкүн.
Учурда бул иш боюнча текшерүү жүрүүдө.