Анжелика ырчы жана комузчу Азиз Батыровго дары-дармек жана акчалай жардам берди (ВИДЕО)

0

Ырчы, аткаруучу Байыш Момунов “Элден элге 2” акциясынын негизинде кайрымдуулук уюштурууда. Аталган акция аркылуу кайрымдуулук иштерин жүргүзүп, анын мүчөлөрү ырчы, комузчу Азиз Батыровго жардам берген кайрымдуу инсандарга ыраазычылык билдирип, алар тууралуу Bars.media сайтына маалымат берди:

“Азиздин абалы тууралуу пост социалдык тармакка чыгаары менен Москвадан Дастан Бегалиев аттуу замандашыбыз байланышып “Азизди абдан сыйлайм. Биздин уюмубуз бар. Дал ошол уюмдун атынан Ошко 1 кычкылтек концентраторун алып берели деп жатканбыз. Анда аппаратты алгач, Азизге колдонууга берели” дешти. Буюрса, аппаратты чартердик каттам аркылуу салышат.

Ал эми Азиздин келинчегине чалсак, “Клексан деген дары керек” дегенинен ырчы Анжеликага түнкү саат 3тө байланыштык. Дароо жооп берди. Акциянын баштоочусу Байыш Момунов ырчы айым Анжеликадан жалпы 5 каробка дары алып берди. Бирок, 2 каробкасын Бишкекте оор абалда жаткан бейтаптарга калтырып, 3сүн аэропорттон салдык. Анын 2сүн Азизге 1сүн дагы бир муктаж адамга тапшырабыз. А баса, Анжелика Азиз Батыровго 10 000 сом жардам кылды. Ал каражатты Азизге котордум. Буюрса, акциябыз дагы уланат”,- дейт ал.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.