Антисептикти ичип алган 13 адам каза тапты

0


Индияда Андхра-Прадеш штатында арактын ордуна дезинфекциялоочу антисептикти ичип алган 13 адам каза болду. Бул тууралуу «Известия» басылмасы жазды.
Билдирмеге ылайык, Пракасам аймагында коронавирус жуктурган 60 учур катталгандыктан, 10 күн мурда арак саткан жергиликтүү эки дүкөн жабылган.

Мындан улам тургундар спирт ичимдигинин ордуна дарыканалардан антисептик сатып алып ичишкен.
Полиция каза болгондордун баары жакыр жашаган үй-бүлөдөн экенин тактаган. Аймактын администррациясы кабарлагандай, антисептиктин тышы экспертизага жөнөтүлөт.
Аталган факт боюнча кылмыш иши козголгону да айтылды.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.