Араван районунун 18 жаштагы тургуну Орозгүл Алибаева 10 күндөн бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга анын жакындары билдирди.
Орозгүл 22-июль күнү саат 20:00 чамасында Араван районунун Гүлбаар айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра кайрылып барган эмес. Туугандары 2-3 күн издеп, андан соң милицияга кайрылышкан.
Кийген кийимдери: ак түстөгү футболка, кара түстөгү жайкы шым.
Өзгөчө белгилери: бою — 160-165 см, дене түзүлүшү — толук, чачы, кашы, көзү кара.
Орозгүлдү көргөн-билгендер болсо 0777 38 44 55, 0550 38 44 55 телефон номурлары аркылуу байланышса болот.