Коомдук ишмер, телеалпаруучу Ассоль Молдокматова Чечен Республикасынын президенти Рамзан Кадыровдон жардам сурады. Ал инстаграм аркылуу видео кайрылуу жасап, төмөнкүлөрдү айтты:
“Урматтуу, Чечен Республикасынын Башчысы! Урматтуу, Рамзан Ахматович Кадыров! Сизге кыргыз элине жардам сурап кайрылып жатам. Медициналык каражаттардын, коргонуучу кийимдердин, ооруканалардын жетишсиздигинен Кыргызстанда өлүм күч алууда. Орусияда авифавир, короноавир дарылары иштелип чыкты. Азыркы тапта так ошол дарылар кыргыз элинин өмүрүн сактап калат. Биздин эл ар дайым бир тууган эл болуп келген. Кыргыз эли 1944-жылы депортация убагында чечен элин кучагын жайып, үй-жайын бөлүшүп батырып алган. Эми биздин элибиз кыйынчылыкты башынан өткөрүп жаткан кези. Сиздин кыргыз элине болгон сый-урматыңызды билем, ошондуктан сизден кыргыз эли үчүн жардам сурап жатам. Сизди урматтоо менен коомдук ишмер Ассоль Молдокматова!”
Sign in