“Башыңды бийик көтөр, Тони!” Хабиб Нурмагомедов Тони Фергюсонго кайрылуу жасады

0

UFC уюмунун жеңил салмак категориясы боюнча чемпиону Хабиб Нурмагомедов Тони Фергюсонго жеңилүүдөн кийин колдоо иретинде жылуу сөздөрдү айтканын Барс медиа жазды.
10-май күнү Джексонвилл шаарында өткөн UFC 249 таймашында Тони Фергюсон атаандашы Джастин Гэйтжиге 5-раундда техникалык нокаут менен жеңилип калган эле.

“Эмнелер гана болбосун, анын баары өткөн чак. Башыңды бийик көтөр, Тони! Мен сенде жана үй-бүлөңдө баары жакшы болот деп үмүттөнөм. Качандыр бир кезде сенин уулуң чоңоюп, сени менен сыймыктанат”,-деп жазды жеңилбес орусиялык мушкер Твитердеги баракчасына.

Эске салсак, буга чейин UFC уюмунун жетекчилиги Хабиб Нурмагомедов менен Тони Фергюсондун беттешин 5 ирет уюштурууга аракет кылышып, ар түрдүү себептерден улам беттеш болбой калган. Акыркы жолу экөөнүн беттеши коронавирустан улам болбой калып, жыйынтыгында Фергюсон убактылуу чемпиондук кур үчүн Гэйтжи менен беттешке чыгып, жеңилүүгө аргасыз болду.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.