Бир колума тоңгон эт, экинчи колума кызыл гүлдү көтөрүп келдим: Өмүр өлүм учкундары

0

 Фейсбук колдонуучусу Бермет Турсалиева жөнөкөй гана турмуш сүртүмдөрүн баяндаган.
«Айылдан бир пакет эт келиптир. Тайжемдин кыркашынан. Байкуш тайжездем Бема, Бема деп эле турат барсам, Бемага жилик деп аманат кылып берип жибериптир. Төрүнө отургузуп алып абдан сыпаа сүйлөйт мага негедир.
Тайжем самоорун кайнатып, түтөтүп уй ичинен ысык чайын нават менен сунат. Тасмалда ар дайым сары май, каймак, үйдүн наны бар. Ошону жейин деп барам айылга.
Устуканды андан кийинки тайжем аркылуу берип жиберишиптир.
Күтүлбөгөн жерден өтүп кеткен Гүлжамиля тайжемдин кыркашынан келген устуканды сиңдиси Марина тайжем бир колума карматты. Экинчи колума болсо гүлдөп турган кыпкызыл гүлдөрдүн бирин карматты.
Жашоо — бул тең салмактуулукту кармаганды билүү. Туура жаша. Өзүңдү абдан жакшы карап жаша. Чөкпөгүн да, көкөлөп да кетпе деди.
Бир колума тоңгон эт, экинчи колума жайнаган кызыл гүлдү көтөрүп үйгө келдим.
Белди бекем буугула, кыргыз элим.
Кайрат кылгыла!
Бир колубуз менен илдет менен чабышсак, экинчи колубуз менен келечекке карай долбоорлорду кагазга түшүрүп, балдарыбыздын эртеңки күнүн ойлонолу».

Get real time updates directly on you device, subscribe now.