Бүгүнкү суткага карата 816 адам коронавирустан айыгып ооруканадан чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 4-июндагы статистикаларды айтып жатып Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова айтты.
Ага ылайык, анын ичинен:
Бишкек – 217
Чүй облусу – 93
Ош облусу – 56
Талас облусу – 64
Нарын облусу – 20
Ысык-Көл облусу – 110
Жалал-Абад облусу – 158
Баткен облусу – 59
Ош шаары – 39
Жалпысынан ооруну 28 миң 743 адам жеңди.