Гүлшайыр Садыбакасова: «Сайкал экөөбүз тең токтобой ыйлайбыз, ыйлайбыз, ыйлайбыз…. «

0

Кыргыз Руспубликасынын Эл артисти, “Кыз-Бурак” тобунун негиздөөчүсү Гүлшайыр Садыбакасова уулуна арналган кошогун, ичтеги арманын фейсбуктагы жеке баракчасына жазып чыкты: “Эркинтайымдын  келбес сапарга кеткенине үч айдын жүзү болду… Уулумдан ажырап калганыма азыр деле таптакыр  ишенбей отурам… Балам эсиме түшкөн сайын жүрөгүм канжалап, көкүрөгүм өрттөнүп көңүлүм аңтарылып, сезимдерим сыздап ,үмүтүм өчүп, башка бир дүйнөдө жашап калгандай  тунжурап калам… Баламдын элеси көз алдымдан кетпей, бассам-турсам мени ээрчип жүргөнү  жүргөн… Күнү-түнү окуганым курани карим болуп, “балам бейиште жүрөт, буйруса  мени күтүп алаар  адамым бар”- деп өзүмдү-өзүм жооткотуп алам. Уулумдун акыркы жандуу элеси Сайкал эжеси менен   пандемиянын июль айында тартылган үй клибинде калыптыр. Ырды уккан сайын “Эмне кыламын, эмне кыламын ,сенсиз жаным эмне кыламын?”- деген сөздөргө Сайкал экөөбүз тең токтобой ыйлайбыз, ыйлайбыз, ыйлайбыз….   Балам, түбөлүк уйкуң тынч болсун, аллахым өз мээримине алып акыретиңди абат кылсын!

Get real time updates directly on you device, subscribe now.