COVID-19 жана пневмония илдети акыркы сутка ичинде дагы 42 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова кабарлады.
Нарын облусунан башка аймактарда катталды.
Бишкек – 9
Ош шаары — 9
Чүй облусу – 9
Ош облусу – 3
Талас облусу – 3
Ысык-Көл облусу – 4
Жалал-Абад облусу – 1
Баткен облусу – 4
Республика боюнча март айынан бери каза болгондор — 1 миң 211 болду.