Ошентип Чубак ажыбызданда айрылдык, жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун! Абдышүкүр ажыбыз ислам чоң жоготууга учурады деп жазыптыр.
Жеке менин баамымда кыргыз эли, кыргыз коомчулугу чоң жоготууга кабылдык. Ислам жоготууга учурабайт, исламды айтып берген, акыреттен корккон, акыреттен коркуш керек экенибизди, акыретке барганга даяр болуш керек экенибизди ошол эле Абдышүкүр ажыбыз өзү көзүнө жаш алып айтып берет! Муфтийибиз Максат ажыбыз бар, Чубак ажы уучубуз кур эмес деп айткан бирок кыргыз коомчулугу жалпы биле бербеген Автандил, Болот аалымдарыбыз ж.б. бар, Алла шүгүр уучубуз кур эмес! Исламдан илим ала албасакда беш парзыбызды аткарыш керек экенибизди жалпы көпчүлүгүбүз аңдап, акыл калчап билип калдык!
Эмне үчүн мен кыргыз коомчулугу жоготууга туш келдик деп жатам! Кыргыз кыргызга келгенде карайып калган, ал карайганын Россиядан жолуксада, Казакстанданда башка жер шаарынан жолуксада унутпаган кыргыз, башка улутка келгенде айкөл болуп чыга келебиз! Мындай айкөлдүгүбүздү кыргыздар исламдада белгилеп келебиз. Ислам, Азиянын Борборунда коңшуларыбызга салыштырмалуу бизде Алла шүгүр! Азыр исламдан илим алып жаткан жаш улан, кыздарыбыздын дээрлик баары байке биз улутка бөлүнбөшүбүз керек деп баары айкөл. Минтип отурсак жакында кыргыз экенибизди, кыргыз деген улут бар экенин бир 20,30, 50 жылда унутуп койчудайбыз! Сөз кур болбош үчүн мурдада жазган болушум керек, дини ислам болгон кавказ улутундагылар болобу баары өз улутун даңктап барктап келишет. Бизден канча бир кылым илгери исламды кабыл алып исламда жашап келген коңшу өзбек туугандарыбыздын уландары менен сүйлөшүп калсаң исламдын эрежелеринин өзбекче деп алышкан! Үкөм сен өзбекче деп айтып жаткандарыңдын көбү, дээрлик баары ислам десең жок ака бул өзбекче деп туруп алат. Бул Өзбекстанда, өзбектерде улутчулдук, мекенчилдик сезим жогору экенин айгинелеп турат!
Мен эмнеге исламдан илим алып жаткан улан кыздарыбызга мекенчилдик, улутчулдукту унутпагыла деп айтып келем!
Сексенинчи жылдары Авганистандан советтик армияны чыгарып жатканда бир генералдан качандыр бир мезгилде Авганистанда жарандык согуш токтошу мүмкүнбү деп сураса жок. Булар мекенчилдигин, улутчулдугун жоготуп койушкан буларда согуш токтобойт деп айткан экен. Ушул пикир айтылгандан бери отуз жылдын ар жак, бер жагы болуп калды Авганистанда согуш токтой элек!
Ар бир улутту улут кылып белгилеп кармап турган бул алардын маданияты, адабияты, тарыхы! Илим алып жаткан жаш улан, кыздарыбызга Т. Касымбековдун түштүк кыргыздарынын тарыхын жазган «Сынган кылычын» окуду белең деп сурасаң? Жок. К. Осмоналиевдин түндүк кыргыздарнынын тарыхын жазган «Көчмөндөр кагылышын» окуду белең? Жок. Энесай кыргыздарнынын тарыхын жазган Т. Сыдыкбековдун «Көк асабасын» окуду белең? Жок. Манас эпосун кара сөз түрүндө жазып чыккан А. Жакыпбековдун «Теңири Манасын» окуду белең? Жок. Деген жоопту дээрлик баарынан угасың!
Мен Чубак ажыны кыргыздарга берип койгон Алла Тааламга шүгүр, кыргыз болуп төрөлүп, жаралып калганына көп эле Алла шүгүр айтып келдим! Маркум Чубак ажыбыз баяндарында акыреттен башка кичине эле кеп кезеги келип калса, биздеген Манасты жараткан, Ч. Айтматовду жараткан кыргыз деген улутпуз деп көтөрө чаап мактап калат эле! Алла Таалам Чубак аалымыбызга эбегейсиз эс тутум, шык берген экен, адабият жөнүндө суроо болуп калса Айтматовдун бул чыгармасын окуба орусча айтканда кичине вульгарныйрак, тиги чыгармасын окусаң тарбиялык мааниси чоң деп Айтматовдун чыгармаларын, башка чыгармаларды устукандап айтып берер эле! Атиң!
Эми ушундай аалымыбыздан айрылдык! Дагы бир жолу жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!
Ааламга, кыргызга Манасты берген, Айтматовду берген, Чубак ажыдай улутчул, мекенчил аалымды берген кыргыз улутунун уучу кур эмес деп илгери үмүт кылып туралы! Мүмкүн андай динаятчыл аалымыбыз бар чыгар, Чубак ажыбыздын көлөкөсүндө жүргөн чыгар, мүмкүн кыргыз коомчулугуна эми чыгар! Аллага шүгүр деп, үмүт кылып туралы!
Sign in
Sign in
Recover your password.
A password will be e-mailed to you.
Sign in
Sign in
Recover your password.
A password will be e-mailed to you.