83 жашында кыргыз эл акыны Гүлсайра Момунова дүйнө салды. Шакирти акын Жыпара Жетигенова төмөндөгүдөй эскерүү жазган.
» Алтыным ГҮЛСАЙРА эже.
Сизди жоготуу кандай оор.
Мээримиңиз төгүлгөн, жакшы сөздөр менен жан дүйнөнү дарылаган устатым элеңиз.
Сизди кош деп айтууга даабай отурам.
— Кандайсыз эже жакшы болуп калдыңызбы?- деп сиз ооругандан кийин он күндөн кийин байланыштым эле.
Ага чейин күндө телефон чалып байланыша албай койгом.
— Жакшы Жыпар садага болойун,
Буюрса эртеңдерден чыгам дедиңиз.
— Гүлсайра эже жакшы түш көрдүм. Жакшы болуп кетесиз. Кымбат баалуу кара шуба кийип ыр окуганы кетип атам, — деп шашып кетип жатыптырсыз, десем.
— Айтканың келсин күчүгүм, — дедиңиз эле.
Көрсө чын дүйнөгө шашып жаткан турбайсызбы.
Өз жашыман өзүм муунуп турам.
Кошуңуз алтын эжем УСТАТЫМ.
Жаткан жериңиз жайлуу болсун.»