Фейсбук колдонуучу Замира Жантаева
«Акыретке кеткен адамдан ачык кат» деп бүгүнкү күндөрдөгү өлүм себебин жазган.
Аттиң арман.
Сайган чырпыктарымдын, чынар терек болгонун көрбөй, сайган бутактарымдын мөмөлүү дарак болгонун көрбөй арманда кеттим. Наалат тийгир илдет сен мени алып тындың.
Андагы жаным кыйналганын сөз менен жеткирип берүү кыйын. Үч күн бою биздин тез жардамга жардам сурап чалып жаттык, «күндүзгү стационарга барышымды, тез жардам бригадасы жетишпей жаткандыгын» айтышты, айла жок балдарым салып алып ар кайсы бейтапканаларды кыдырып жаттык, эч бир жерде орун жок, айла жок күндүзгү стационарга алып барып капельница куюп жатышты, абалым оорлой берди, акыры бейтапканага жатканга мүмкүнчүлүгүбүз болбогондугуна байланыштуу ыктыярчы балдарды чакырып, кычкылтек аппаратына кошушту. Аттиң ай жан татуу экенин, АБА адамга Ала-Тоодой алтындан да кымбат экенин мен ошондо сездим. Ал аппараттар мага болгону 12 саат кана жардам бере алды, сатурация 70тен көтөрүлбөй калганда айлабыз кетип, балдарым жалдырап ботодой боздоп, менин ахыбалымды түшүндүрүп атып тез жардам чакырышты. Тез жардам кызматкерлери сатурация аппаратта жатканда 70 андан алса түшүп кеткенин түшүндүрүп атсак дагы, кычкылтеги жок машина жибериптир, саат 11 де түшкөн тез жардам машинасы менен кычкылтеги жок 4 саат шаар ичин кыдырып бир да орун таба албадык. Аттиң ай ошондогу жанымдын кыйналганын, аба жетпей тумчукканымды жалгыз Алла Таалам жана кызым сезип турду, акыркы эч бир оорун таппаганыбыздан Аламедин1 деги 38 мектептеги стационарга барып жаттым. Ал жактан менин кебетемди ахыбалым өтө оор экенин кайдыгер эмес адамдар ар кайсы инстанцияга чалып жатышты. Акыры Гансиге орноштураарын билип балдарым абдан сүйүнүштү, акыры акы төлөнүүчү тез жардам унаасы менен кечке маал Гансиге алып жөнөштү. Ал женде орун жок деп 1 сааттай туруп калдык, акыры Мэриянын кийлигишүүсү менен жаттым. Киргизгенде таң калыштуусу жарым корпус бош экен, айла жок тил кыска эмне дейбиз, мага 21 00дө сайылуучу даарылар, түнкү саат 3тө сайылды. Ошентип мен шалаакылыктын курмандыгы болдум. Эртеси абалым өтө оор болуп калды, денемде өлүмдүн белгилери болгон тактар пайда боло баштады, ошондо тызылдап реанимацияга жөнөштү, а бирок баары кеч болуп калган. Аттиң арман. Бейиштин эшиктери ачык болгон, күндөрдүн султаны болгон, Жума күнү менин жанымдын ээси болгон Затка кайттым. Артымда балдарым калды, айтылбай арманым калды. Аттиң өз чөнтөгүн толтурган , өз керт башын ойлогон бийлике айткым келди: КЕПИНДИН чөнтөгү жок экен, ЖЫЛАҢАЧ келип, ЖЫЛАҢАЧ кетет экенбиз. Мендей болуп эч бир жан кор болбосун, ар бир жан өлүмдүн даамын татуучу.