ИЛДЕТТИ ЖУКТУРУП АЛГАНДА ӨЗ АЛДЫНЧА ДАРЫЛАНУУ ТУУРАБЫ, БОЛБОСО КАНТИП ДАРЫЛАНЫШ КЕРЕК?

0

Азыр көпчүлүк грипп болуп, үйдөн эле дарыланып жатат. Алар көбүнчө мурда дарыланып чыккандардын сунуштары менен, андан сырткары, интернетте тараган дарылануу ыкмаларын көп колдонуп жатышат. Айрыкча, клексан, гепарин сыяктуу дарыларды, антибиотиктер көп колдонулууда.

Бейтаптарга антибиотиктер көп сунушталып жаткандыктан, стационарга келип түшкөндө аларга акыркы муундагы резервдик антибиотиктер да таасир этпей калып жатат. Бул тууралуу медицина илимдеринин доктору, Саламаттыкты сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы клиникалык фармакологу Аида Зурдинова президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушкан учурда билдирди.

Антибиотиктерди негизинен кайсы убакта, кандай абалда болгондо колдонуш керек? Дарыгерге кайрылууга, барууга мүмкүнчүлүгү болбогон жарандар кантип дарыланышы керек?

Коронавирустун алгачкы белгилери байкалганда беш күнгө чейин дары-дармек ичүү сунушталбайт. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы инфекционисти Айнура Кутманова билдирди. Адистер эгерде дене табы 38 градустан ашпай турса, алгачкы беш күндө бир гана суюктукту көп ичүүгө кеңеш берет.

— Оорунун белгилери (дене табынын 38 градуска чейин көтөрүлүшү, тамак оору жана жөтөл, алсыздык) пайда болгондо жарандар активдүү дарыланып башташат. Бул өтө кооптуу. Алгачкы күндөрү организм өзү вирус менен күрөшөт, мындан улам дене табы көтөрүлөт. Демек, баштапкы беш күндүн аралыгында өзүн-өзү дарылоо жана дене табын түшүрүү сунушталбайт,— деди Кутманова.

Ошондой эле, ал дене табы 38,5 градустан ашкан учурда парацетамол же ибупрофен сыяктуу дене табын түшүрүүчү дарыларды колдонсо болорун кошумчалады. Адис ошол эле учурда көп өлчөмдө парацетамол ичүү да организмге терс таасир этерин билдирди .

Өз алдынча дарылануудагы катачылыктар, кемчиликтер тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Медициналык жардам көрсөтүүнү уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси Гүласыл Сутуева айтып берди. Ал кандын аябай суюлуп кетиши ден-соолукка кооптуу экенин белгилейт.

— Кан коюлуп кеткен болсо, аспириндин төрттөн бир бөлүгүн ичип койсо болот. Кан аябай суюлуп кетсе да зыян экенин эске алыш керек. Кан аябай суюлуп кетсе, кокус бир жерге урунуп же мурду канап кетсе, кан токтобой өлүмгө жеткириши да мүмкүн. Дарыны керек учурда, ченеми менен ичсе гана пайдасы бар. Ашыкча колдонуп койсо зыяны көп болот.

Адис гепарин менен дексаметазон дарыларын дарыгерлер стационарларда гана оор абалдагы бейтаптарга жазып берерин айтып, буларды үй шартында, дарыгердин көрсөтмөсү жок ичпеш керектигин эскертти. Ал дексаметазон гормоналдык дары экенин кошумчалады.

Гүласыл Сутуеванын айтымында, антибиотиктер вирусту дарылоодо колдонулбайт.

Антибиотиктин зыяндары:

— Азыр адамдар өздөрү эле дарыканалардан таап, укканын, билгенин ичип жатат. Антибиотиктерди каалагандай колдонуу такыр туура эмес. Ал адамдын ичиндеги микроорганизм болгон, адамды оорута турган бактерияларды өлтүрө турган дары, вируска антибиотиктин таасири тийбейт.

Вирус менен ооруган адамдын температурасы 5-6 күн түшпөй, иммунитет төмөндөп, адамдын организминде бактерия пайда болуп кетиши мүмкүн. Ошондо гана бактерияны өлтүрүү үчүн колдонулат. Башка учурда колдонуу зыянга алып келет. Гормоналдык дарыларды жана антибиотиктерди колдонгон учурда организмдин коргонуу системасы алсызданып, вирус тескерисинче, күчөп, башка органдарга дагы жайылып кетиши мүмкүн.

Ошондой эле, көпчүлүк азитрамицин, цефтираксон сыяктуу бир-нече антибиотикти бир эле мезгилде ичип жатат.

Антибиотик бактерияны өлтүрүү үчүн колдонулган уулуу зат. Кандайдыр бир деңгээлде адамдын организмине да терс таасирин тийгизет. Анткени ошол кичинекей нерсени өлтүргөн уу адамдын организмине да терс таасирин тийгизет, өлтүрөт. Анан ошо ууланып калган организм вирус менен күрөшө албай калып жатат.

Үйдөн түрдүү антибиотиктерди колдонуп, организм таасир бербей абалы оорлошуп калганда гана ооруканага барат. Буга чейин эле түрдүу дарыларды колдонуп, таасир этпей калгандыктан, врачтар жаза турган антибиотик калбай, абалды оорлотуп жатат.

Эмне сунушталат?

— Антибиотик менен организмди уулай бербей, иммунитетти көтөрө турган витаминдүү азыктарды жеш керек;

— Төшөктө жата берүү туура эмес, тескерисинче, көп кыймылдап, көмкөрөдөн жатуу сунушталат;

— Суюктукту көбүрөөк ичүү;

— Лимон, бал, имбирь кошулган асык сууну ичип, иммунитетти чындоо керек.

Булак: Maral fm

Get real time updates directly on you device, subscribe now.