ИТТИН ЭТИ КОРОНАВИРУСКА КАРШЫ ПАЙДАЛУУБУ? ДАРЫГЕР ЖООП БЕРДИ

0

«Sputnik Кыргызстан» басылмасы 16-июлда Ноокат аймактык ооруканасынын директору Асамидин Марипов менен курган маегин жарыялады. Анда ал жумушу жана коронавирус инфекциясынан дарылануу тууралуу айтып берген.

Көптөгөн башка сунуштамалардын катарында Марипов адамдар иммунитетти бекемдөө үчүн элдик каражаттарды колдоно башташканын белгилеген — мисалы, иттин этинен жасалган шорпо ичүү.

«Кашкулактын, чочконун же иттин майы илгертен бери пайдалуу деп эсептелет, бирок бул жерде бейтаптын ден соолугунун абалына көңүл буруу керек. Эгер бул кээ бирине жардам берсе, гипертония же ашказаны оруугандарга бул кыйын эле болот. Ошондуктан дайыма врачтан кеңеш алыш керек», — деген врач.

Ал иттин этинен жасалган шорпо коронавирустан айыгууга жардам берет деп айтпаганы менен анын комментарийи соцтармактарда бул тамактын пайдасы бар деген тастыктама катары жайыла баштаган.

Мындан тышкары, Бишкектин айрым кафелери иттен жасалган «Кя» корей шорпосун «жагдайдын талабы» катары жарнамалай башташкан.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.