Кыргызстан акыркы 7 күн ичинде коронавирустун жаңы учурлары жана адам өлүмдөрдүн саны боюнча дүйнөдө 1-чи орунда турат. Бул тууралуу “The New York Times” басылмасы кабарлады.
Басылманын маалыматына ылайык, жума ичинде республикада жаңы учурлардын саны 16 миң 807ге жеткен, бул 100 миң адамга 266 учур. Өлгөндөрдүн саны 930 (100 миң кишиге 15).
Кыргызстандан кийинки мамлекеттердин катарында Оман (10 миң 319), Бахрейн (3 миң 238), Черногория (1 миң 94) жана Панама (7 миң 57), каза болгондордун саны боюнча – Чили (1 миң 608), Панама (199), Перу (1350) жана Бразилия (7,354).
Белгиленгендей, тизме өлкөлөрдүн калкынын жалпы санын жана 100 миң кишиге эсептелген учурлардын санын эске алуу менен түзүлгөн.