Каза болгон Адинайдын тууганы Элиза: «Бийлик жоопкерчиликтен качып жатат Адинай ооруган эмес»

0

Каза болуп калган жаш ыктыярчы  Адинай Мурзабекованын эжеси  Саламаттыкты сактоо министринин эки тараптуу өпкө кагынуусунан каза болду деген божомолун четке кагууда.

— «Адинайда эч кандай өпкө кагынуусунун белгилери болгон эмес. — дейт эжеси Элиза Vesti.kg. сайтына маек учурунда — ал өзүнүн нөөмөтүн өткөрүп бергенден кийин эс алууга кеткен. Андан кийин анын кесиптештеринин сөзүндө аны эс-учун жоготуп жаткан жеринен табышкан. Ал көгөрүп кетиптир. Анда инфарк болгондуктан  ошол замат көгөрүп калган. Алардын  айтуусунда ал күнү оор бейтаптар болгон эмес. Ыктыярчылар Адинайды Чүй/Исановдогу  тез жардамга алып барышкан. Ал жерде жандандыруучу дарыгер адис жок экенин айтышкан. Ошондо ыктыярчы жандандыруучу аппаратты сурап өздөрү аракет кыларын айтканда болбойт деп коюшкан. Ыктыярчылар суранып өздүк паспорттоштуруу,  ачкычын айтор жанында болгон баалуу буюмдарын беришип  Адинайда сактап калуунун аракетинде болушкан. Качан алар кайтканда аларга чалып Адинайдылайык сактай албай калышканын кечиккендерин  айтышкан. Ошентип бир тууганым өмүрү  менен кош айтышып кете берген. »

Эжеси сөз учурунда ыктыярчыларды чындыкты айттырбай кысымга алып жатканын да баса белгилеп кетти.

— Кече күнү өкмөттүн аппаратынан бирөөлөр келишти- деди Элиза. — алардын сөзүн укпай калдым. Бирок алар анда эки тараптуу өпкө кагынуусу болгон деп тастыкташты. Тууганымда эч кандай оорунун белгилери болгон эмес. Анын ден соолугу таза болучу. Видеону интернетке жүктөгөн кесиптеши анын оорубаганын тастыктап жатат го. Азыр кесиптештери унчукпай калышты. Анткени өкмөт тараптан аларга кысым болуп жатат. Алар жоопкерчиликти алуудан качып жатышат.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.