Командировкадан кайтып келген Россиянын ири ишкери жана миллиардери өзүнүн 22 жаштагы уулунун сөөгүн тапты. Бул тууралуу «Комсомольская правда» басылмасына укук коргоо органдарындагы булактар билдирди.
Сөөк Москва облусунун Истра районундагы элиталык коттедждик Бенилюкс шаарчасынан табылган.
Жигиттин денесинде кадивердик тактар болгон. Дарыгерлер анын болжол менен төрт күн мурун каза болгонун аныкташкан. Өлүм наркотикалык каражаттын ашыкча дозасынан улам келип чыккан.
Окуя болгон жерден ар кандай таблеткалардын тыштары жана зажигалка табылган.