Коронавирус же пневмонияга кабылган адам стресске түшүп калбоо үчүн эмне кылуу керек?

0

 Ош шаарындагы №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу борборунун психотерапевти Нурзат Копошова супер кж сайтына жооп берген.
Коронавирус же пневмонияга кабылган адам стресске түшүп калбоо үчүн биринчиден, тынчтануу керек. Мындай абалда адамдын иммунитети күчтүү болот. Сыналгыдан жана интернеттен маалыматтарды улам окуй бергендер психологиялык абалын начарлатып алышат. Албетте, такыр эле өлкөдөгү кабарлардан артта калууга болбойт. Бир күндө 1-2 жолу жаңылыктар менен таанышып коюу жетиштүү. Гезит, сайт, мессенжерлердеги терс жаңылыктардан обочолонууга аракет жасоо керек. Бул нерсени элементардуу психологиялык гигиена деп коёт.

Экинчиден, эс алуу жана уктоо мезгилдеринин режимин сактоо. Буга өз убагында уктап, иш жасап жана өз убагында эс алуу, туура тамактануу кирет.

Үчүнчүдөн, жакын адамдар менен байланышта болуу, жакшы сөздөрдү сүйлөшүү. Мындан тышкары витамин терапия — А, Е, С, цинк витаминдерин алып жана жашылча-жемиштерди рационго кошуу керек. Эгер ичиндеги ой-толгоолорун жакын адамдарына айтуудан тартынса, бизге байланышса болот. Учурда борбордогу психологдор аралыктан, акысыз кеңештерин берип жатышат. Биздин номурларды 118 кызматына чалып алса болот. Биз кайрылгандарга стресстен арылтуучу дем алуу көнүгүүлөрүн үйрөтөбүз. Бул көнүгүүлөр адамды алаксытат, тынчтандырат, коркуу сезиминен арылтат. Андан тышкары өпкөгө жана булчуңдарга пайдалуу болот. Бирок оорунун белгилери пайда болгондон кийин адамдын абалы оорлошуп бара жатса, сөзсүз түрдө дарыгерге кайрылгыла. Ал эми жакын адамдары ооруп жаткан адамдын эмоционалдык абалын жакшыртууга өбөлгө түзүшү керек.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.