Акыркы суткада өлкөдө COVID-19 жана пневмония илдетинен сакайды делинип 1031 бейтап стационарлардан чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.
Республика боюнча аталган оорудан айыккандардын жалпы саны 16 миң 882ни түздү.