Кыргыз балдарынын колунан тоодо эс алып жүргөн жеринен ур-тепкиге алынган пакистандык студенттерден Бакытжан Аманов аттуу жаран бүткүл кыргыз элинин атынан кечирим сурады. Бул тууралуу Алина Касенова аттуу фейсбук колдонуучусу жазып чыкты. Маалыматка таянсак, Аманов аларды баласы аркылуу таап, конокко чакырып, бүткүл улуттун атынан кечирим сураган.
“Биздин тартипсиздер ур-тепкиге алган Пакистандан келген студенттер эсиңиздеби? Таанышып алыңыздар, Аббас жана Зихан Али. Алар Эл аралык университеттин 5-курсунун студенттери. Учурда Джал клиникасында ыктыярдуу түрдө иштеп, адамдардын өмүрүн сактап жатышат. Биздин досубуз Бакытжан Аманов аларды уулу аркылуу тапты. Уулу алар менен футбол ойнойт. Бакыт аларды конокко чакырып сүйлөштү жана бүтүндөй кыргыз элинин атынан кечирим сурады. Бардык эле кыргыздар аларга тоодон жолуккан акмактардай эмес экенин түшүндүрдү”