Тарыхчы Кыяс Молдокасымов президенттикке талапкер Садыр Жапаров тектүү жердин уулу экенин айтты.
“Жапаровдун ата-теги боюнча Алматынын архивинен алынган документтер бар. Ал тектүү жердин уулу. Анын чоң аталары болуш болгону тууралуу документтер бар. Убагы келгенде ачыкка чыгарам. Азыр чыгарсам кошомат айткандай болуп калам го. Ошондуктан, убагы келгенде эл билет. Мен Жапаров кыйналып, абакта олтурган мезгилде колдоп, 2014-2015-жылдары архивдик документтерин иликтеп койгом”, — деди тарыхчы.