Күйөөм экөөбүз бактылуу болчубуз. Балалуу болдук. Анан мени таштап Россияга кетип калган. Барганда чакыртам деген. Ал баргандан кийин эле карантин болуп барбай калдык. Эми ар бир күнүм жылга айланып өтпөй жатат. Эстесем ыйлайм, сагынам. Кайнене кайнатам менен турам. Жол ачылса кетет элем жанына. Күйөөм чалбайт өзү , смс жазбайт. Ал жөнүндө сурашса эле бекинип ыйлап алуучу болдум. Өзүмдү алаксытканга эч нерсе таппай жатам. Кээ бир адамдар августта ачылат жол десе кээ бирлери 2021-жылы ачылат дейт. Күйөөмө кел десем жумушу жакшы кийин андай жумуш таппай турганын айтат? Качан жол ачылат? Дуба кылып коюңуздарчы жол ачылып кетсин деп! Күнүм тозокко айланды.
Махабат, Айым сыры