Мени кыз узатуу салты бактысыз кылды. Акыры ажырашууга дуушар болдук…

0

Биз бай турабыз. Ата-энем кыз узатуу кылышып, дүңгүрөгөн той беришти. Жигитим Марлен ошол күндөн маанайы түшүп, мени үйүнө көңүлү жок алпарды. Алар начар жашаганын мурдатан эле билчүмүн. Бирок сүйүү үчүн тийгем. Кайын энем менен эки бөлмөлүү квартирада жашай баштадык. Марлен күндө наалый баштады. «Мен андай кыз узатуудай той бере албайм, алдыга да түшө албайм» дейт. Апасы да ага кошулуп, ашыкча көп сөздөр айтыла баштады. Суз күндөрдө жашообуз көпкө созулбады. Кайын энем менин апам менен да телефондон урушуп кетишип, мага катуу сөздөрдү айтты. Үйдө кайрадан уруш чыгып, бир айга жетпей ажырашып кетүүгө туура келди. Мен өзүмдүн үйүмө кетип калдым. Марлен артыман келмек тургай телефон да чалып койгон жок. «Мен кедеймин, атасыз өскөм, сага татыксызмын» деп СМС жазып жибериптир. Ошентип, биздин жашообуз бузулду. Балким, кыз узатуу кылбай эле күйөөгө тийгенимде жашай бермек белем?..

Айсулуу, 23 жашта

Aryba.kg

Get real time updates directly on you device, subscribe now.