Министрлик жаңы окуу жылында мектептер кандай иштей турганын айтты

0

Тажрыйбалуу методисттерден жана эксперттерден турган топ телесабактардын мазмунун, жадыбалын, өткөн практиканы карап чыгып, аларды тартууга киришти.

Эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен жаңы окуу жылынын биринчи чейрегин аралыктан окутуу үчүн даярдыктар көрүлүп жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

«Эгер айрым аймактарда коронавирус илдетинин жайылышы кооптуу эмес деген санитардык-эпидемиологиялык кызматтардын чечими чыкса, анда ал региондогу мектептерде окуу процесси дагы өзүнчө каралат. Андыктан министрлик мугалимдерди, окуучуларды жана ата-энелерди азыртан эле дистанттык билим берүү процессине даярдана берүүнү сунуштайт, — деп айтылат билдирүүдө.

Кырдаал жакшы жагына өзгөрөрү менен окуучулар реалдуу режимде окууга өтүшмөкчү.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.