НООКАТТА 18 ЖАШТАГЫ БАЛАНЫН СӨӨГҮ ТАБЫЛДЫ

0

Ош облусуна караштуу Ноокат районундагы Бел-Кайрагач айыл аймагынын Найман каналына чөгүп кеткен баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Найман каналына 2002-жылы туулган бала чөгүп кеткендиги тууралуу билдирүү түшкөн. Издөө иштерине тогуз куткаруучу, жергиликтүү тургундар жана милиция кызматкерлери тартылган. Издөө иш-чарасынын натыйжасында баланын сөөгү суудан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.