Орусиянын түрмөсүндө жатканымда сиңдим каза болгонун уктум, боздоп ыйладым…

0

(УУРУЛУК)

Уурулук да оору болот тура. Мен эстесем алты жашымда эле ууру боло баштаптырмын. Базарга барып эки алманы көрсөтпөй уурдап алгам. Жетишкен эле үй-бүлөдөнмүн, бирок бирөөнүн буюмун алгым келе берет, аябай деле керек эмес болсо дагы. Кичинемде бирөөнүн китебин, оюнчугун уурдап алчумун. Чоңойгон сайын талабым да чоңойду акча, телефон, алтын, баалуу кийимдер. Уурдалгандарды үйдөгүлөргө көрсөтпөй өзүм пайдаланам. Окуп жүргөндө кыздардын көп нерсесин уурдадым, коркчу да эмесмин, жүрөк жаш экен да. Жатаканада кийимдер көп уурдалат, балыкчыны балыкчы алыстан тааныйт дегендей, өзүмдөй иш кылган кыздар менен тааныштым. Уурдалгандарды бири бирибизге сатып же алмашып жибермей. Апам шекшип жүрдү бирок дос кызымдыкы деп кутулуп кетчүмүн, ага чалса ооба меники деп койот. Ошентип окууну бүттүм. Иш жок Москвага иштегени кетип калдым. Дос кызым экөөбүз тең кийим саткан дүкөндө иштейбиз, коркуп ал үч төрт кийимден уурдап чыгып сатып жакшы акча кылып жүрдүк. Бир күнү кассир кыздын телефону жоголуп кетти, бирок биз алган жокпуз. Полиция баарыбызды алып барып кечке сурака алды, ал кыздын телефону шкафтын астына түшүп калыптыр, кайра чалса бизди койо берди. Көп киши болчубуз чыгып баратып үстөлдүн үстүндөгү телефонду илип кеттим. Дароо өчүрүп жеңиме салдым эми таксиге түшөөрдө артыман келип кармап кетти. Алган жокмун деп жанымды жедим, аял киши келип ич киймиме салып ийген телефонду таап чыкты, көрсө кабинетте камера бар тура. Уурунун куйругу кууш дегендей, дагы бир ишти мойнума илип бир жылга кесилдим . Темир тордун артында калыш айтылгыс азап экен. Бөтөн эл, бөтөн жер. Ар кайсы жерден келген кыз-келиндер, мусулмандарды жаман көрүшөт экен. Өзгөчө украинка, молдованкалар мага өч болуп алышты. Мен өзүм бойум узун тайгандай болуп шамдагаймын, көптөп кетпесе үч төртөөнө жөн эле алым жетет.Жаштайыман уурулук кылып жүрүп шылуун болуп калгам, орусчаны да так сүйлөйм, ар кимдин ичи койнуна кирип алдап алам. Жаңы-жылды майрамдап жаттык, тостор айтылып мага да кезек жетти. Мен анекдотту жакшы билгенге биринин артынан бирин айтып күлдүрүп отурдум.

Бул жерди караган Анька деген орус аялга аябай жактым жанына отургузуп алды.

Ошентип орустар айткандай,  «душа компании» болдум. Тышымда баары жакшы болгону менен ичимде бир нерсе буулугуп чыга албай жүрдү. Түрмөнүн мыйзамы менен бирөөнүкүн уурдап алган болбойт, билсем да шурудан жасалган кутучаны уурдап бирөөгө сатып жиберип, ордуна тамеки, самын алдым. Аным үч күндө билинип калып, Анька жини келип сабатып салды. Эс учумду билбей бир күн жатыптырмын көзүмдү ачсам суу ичесиңби? — деп кыргызча сүйлөп бир аял турат. Ал Фатима деген татар аял экен. Көпкө жакшы боло албай жаттым. Фатима эже беш убак намаз окуйт экен. Мага да көп нерсени айтса да бир жагынан кирип, бир жагынан чыгат. Эч көңүлүм келбей жүрдүм. Менден кийинки сиңдим каза болду деп кабар келди, эч нерсе менен ишим жок жүргөн жаным башка чапкандай эле болдум. Үйүмдү ата-энемди эми эстедим, же бара албайм . Кичинебизде ошол сиңдиме кошунанын алчасын уурдап үйдүн артында отурганыбызды эстеп ыйлап алдым. Фатима эжеге айтсам куран окуп койолу деди, ушундай мукам үн менен жай окуп жатса, көзүмдү жумуп алып куран ушундай уккулуктуу экенин эми сездим. Кечинде дагы окуду, китебин алып бир сыйра көз чаптырдым. Ошол күндөн баштап куран окуганды төрт күндө үйрөнүп алдым. Фатима эже да билгендерин үйрөтүп жатты жеңилдегендей болуп калдым. Акырында башыма чыгып алган шайтаным түштү окшойт, багымдатты окуп калдым. Абакта намаз окуп жатсаң эч ким тийишпейт мыйзамы ошондой. Ошентип жүрүп беш маал окуп калдым, жүрөгүм тазарып ыйман орун алганына шүгүр кылам. Уурулук кылбай оокат кылганга бел байладым, чыксам ак барактан баштайм дедим. Мөөнөтүм бүтүп чыктым, жумушка оңой менен албайт экен, ууруну ким алат? Ошентип ар кайсы жерде иштеп жүрдүм, официант бала менен таанышып калдым, күндө жолугалы деп чалат. Мен болсо «түрмөдө отурган «-деген мөөр басылган турмушумду кантип айтам, болбой үйлөнөм деп чыкты, акыры айтып кетип калайын дедим. Айтсам баарына кайыл болуп үйлөнөм деди, сөз бергендей бир да жолу козгогон жок, кыздуу болдук. Кызым бакчага барат, бир күнү жаңы оюнчук пайда болуптур, бул кайдан десем. Мен апкелдим эртең алпарып койом деди, эртеси керебеттин астынан таап алдым. Демек уурдап келген деп катуу жазаладым. Бирок бир нече жолу кайталанды, мени тартып ууру болуп калбасын деп катуу көзөмөлгө ала баштадым. Тобоо мендей болуп билгизбей илип кетет экен, антпе минтпе деп айтып жаттым. Сен эмне кылганыңды кудай көрүп койот кийин отко күйгүзүп жазалайт, деп койгонума аябай таасирленди. Кечке сурады. Ошентип кызымды да кудайды таанытып тарбия бере баштадым. Азыр үчүнчү класста окуйт, менден көптү билет, аяттарды жаттады. Өз катаман өзүм сабак алып, кызымды жакшы жолго салып алганыма сүйүнөм. Бул жашоодо адам жашап жаткандан кийин, эч нерсенин кечи болбойт экен. Намаз окубасаңыз да жаман иштен, жаман сөздөн алыс болуп, түбөлүктүү үйүбүздүн пайдубалын тургузалы. Бар болуңуз окурманым.

Румо. Москва ш.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.