Президенттин кызы: «Атам ар бир суук кабарды кайгыруу менен кабыл алууда»

0

Учурда коңшу өлкөдө эпидемиологиялык абал оор. Акыркы маалыматтарга караганда, Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 23 558ге жетти. Анын ичинен 137 киши каза болду.

Кечээ эле бакубат жашап жаткан элибиз бүгүн эмне кыларын билбей, кайгыга батып турат. Өзбекстандын Байланыш жана массалык коммуникациялар агенттигинин (БМКА) директорунун орун басары, өлкө президентинин кызы Саида Мирзиёеванын Курман айт күнү элге кайрылуусун Sputnik Өзбекстан агенттиги жарыялады.

«Жарым жыл мурда бакубат турмуш сүрүп жатсак, азыр айлабыз кетип, кайгыга батып тургабыз. Күн сайын кимдир бирөө жакынын жоготконун укканда жүрөк ооруйт. Бирок азыр болгон күчүбүздү топтоп, жакшы күндөрдү күтүшүбүз керек. Ал күндөрдүн тезирээк кайтышы үчүн президентибиз колдон келген аракетин кылууда. Ал ар бир суук кабарды кайгыруу менен кабыл алууда. Анткени силер президент үчүн бир чоң үй-бүлөсүңөр», — деди Мирзиёева.

Булак Спутник

Get real time updates directly on you device, subscribe now.