Евразиялык интеграция маселелеринде Кыргызстан Орусия үчүн дайыма ишенимдүү өнөктөш болот. Бул тууралуу 10-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу өкмөт башчы Садыр Жапаров Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) кезектеги саммитинде сүйлөп жатып орус президенти Владимир Путинге кайрылып айтты.
“Биз эки өлкө ортосундагы экономикалык жана маданий байланыштарды өнүктүрүү багытын ырааттуу негизде улантабыз. Кызматташтык боюнча ортодо бир катар актуалдуу маселелер бар. Мен аларды Сиз менен телефон аркылуу талкуулоону суранат элем”,– деди Садыр Жапаров.
Коронавирус пандемиясына байланыштуу саммит онлайн форматта өтүүдө. Ага ШКУга мүчө мамлекеттердин лидерлери катышып жатышат.