2, 3 күндөн бери соцсеттерде Садыр Жапаров баласын үйлөнтүп, укмуштуудай үлпөт той бергендей таасир калтырып, билип билбей сүйлөгөндөр көбөйдү. Жада калса кээ бир сайттар укмуш ресторандын сүрөтүн коюп макала жазып чыгара коюшту. Ал турсун кудаларына суусар тебетей кийгизген видеосунан да кылдан кыйкым издегендер чыкты. Чынында Садыр Жапаров уулун үйлөнтүп, ресторанда андай чоң той берген жок. Жөн гана ата салтын улап, келинин төркүлөтүп барып, кудасынын алдынан өттү. Садыр Нургожоевичтин үй-бүлөсү бул күндү канчадан бери күткөн. Себеби, келинди эбак алышканы менен Садыр Жапаров түрмөдөн чыкса, куда башы болуп, өзү барса деген тилек менен келинин төркүлөтө элек болчу. Аны жубайы Айгүл Асанбаева да Би-БИ-СИге маек берип жатып айткан эле. Кудай буюруп, ошол тилектерин кечээ жакында ишке ашырып, кудасынын алдына барды. Кыргыздын салтын жасады. Андан саясат издеп, ар кайсыны жазгандан алыс болсок болот эле. Анткени, уулу Рустамды деле күтүлбөгөн жерден үйлөнтүшкөн. Айтайын дегеним, тун уулу Дастан кырсыктан каза болгондо айыл ападагы аксакалдар туугандары менен кеңешип, үч жамандык удаа болуп кетти. Жамандыкты жакшылыкка адаштырыш үчүн Дастандын 40 чыккан күнү Рустамды үйлөнтүү сунушун айтышат. Улуулардын кеп-кеңеши менен Рустам үйлөнөт. (12.10.2019 да) Кудайдын кулагы сүйүнсүн. Рустам чырактай, татынакай кыздуу болду. Садыр Жапаров көтөрүп түшкөн наристе ошол Рустамдын кызы, Садыр абанын тун небереси Саара. Эмне дейбиз Садыр ага, кудаларыңыз миң жылдык болуп, уул келиниңиздин өмүрү узун, келечеги кең, бактылуу үй бүлөлөрдөн болсун. Небереңиз да сизди бакытка балкытып, бактылуу болсун. Мындан ары үй бүлөңүздө жоготуу болбой, башыңарга баш кошулсун. P.s.Соц тармактарда ар кандай бүдөмүк маалыматтар тарап жатканын көрүп Садыр аганын үй бүлөсүн жакшы тааныган адам катары өз ойумду жазып коюуну туура көрдүм.
Жазира Таалайбекова