Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) башчысы Сыймык Жапыкеев жубайы экөөнүн үйлөнгөнүнө туура 15 жыл толгонун айтты.
“15 жыл бирге түтүн булатып, “хрусталь” тойду белгилеп жатабыз. Бул жылдар аралыгында бири-бириңе көнүп, кымындай сыр болсо да ортого салып калат экенсиң. Бул мааракенин атына жараша салт болуп калгандай айнектен же хрусталдан жасалган буюм белеке бериш керек”, — деп жазды Жапыкеев.