Кечээ, 30-июль күнү Талас шаарындагы унаа кырсыктан улам ооруканага жеткирилген жигит каза болду. Бул тууралуу Талас ОИИБден кабарлашты.
Буга чейин кабарлангандай, ал велосипед менен бара жатканда Марслатбек Шералиев унаасы менен койдуруп кеткен.
«Бүгүн велосипедчен бала кайра жандандыруу бөлүмүндө каза болуптур. Марслатбек Шералиев кечээ Талас райондук ички иштер бөлүмү тарабынан убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүүдө», — деп айтылат маалыматта.
Маркум Аскат Асыкулов 26 жашта, бир үй-бүлөнүн жалгыз эркек баласы болчу (карындашы бар).
«Элпек, аябай жакшы бала болчу. Эч кимдин көңүлүн калтырчу эмес. Аябай ичибиз ачышып жатат», — деди кошуналары.