Учурда жүрүп жаткан пневмония жугуштуубу? Адис жооп берет

0

Акыркы кезде COVID-19 илдетинен дагы пневмония күч алып турган чагы. Март айынан бери бул оорунун айынан 452 адам каза тапты. Республикалык штаб пневмонияга байланыштуу статистиканы коронавирустан бөлүп, өзүнчө берип жаткандыктан, учурдагы пневмония жугуштуубу деген суроо менен кайрылгандар бар.

Биз бул суроону №1 шаардык клиникалык ооруканасынын пульмонологу Замира Отонбаевага бердик.

«Азыркы учурдагы жүрүп жаткан пневмониянын 90 пайызы COVID-19 болгондуктан, жукпайт деп кепилдик берүүгө болбойт. Андыктан ар бириңиздерди этият болууга чакырам. Мүмкүнчүлүккө жараша ооруп жаткан адамга өзүнчө бөлмө берүү шарт. Колдонгон идиш-аяктарды дагы аралаштырууга болбойт. Кыскасы байланыш аз болушу керек. Учурдагы кырдаалга байланыштуу баарына эле ПЦР-анализ жасалбай жатпайбы», — дейт пульмонолог.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.