Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Николай Танаев дүйнөдөн кайтты. Өлүмдүн себеби тууралуу эч кандай маалымат айтылган жок. Экс-өкмөт башчы 74 жашта болчу.
Танаев 2002-2005-жылдары премьерлик кызматты ээлеп, президент Аскар Акаев бийликтен кеткен күнү 2005-жылдын 24-мартта отставкага кеткен. Акыркы убакта Санк-Петербургда жашап, «Газпромдо» иштеген.