Элзада Насипбекова: «Ошко келин болдум, учурда жолдошум, уулум болуп Бишкекте турабыз»

0

Элзада айым ушул жылдын сентябрь айында турмушка чыкканын айтат.

«Жолдошум менен мындан 2 жыл мурда бир жакшылыкта кезигип, таанышып калганбыз. Экөөбүздү жакындарыбыз атайын тааныштырган. Ошондо бири-бирибиздин байланыш номерлерибизди алып, 1 жылдай ал-жай сурашып жүрдүк. Жылдызыбыз келишти окшойт, сүйлөшүп калдык. 2 жыл ичинде бири-бирибизди сынадык. Быйыл август айында ал мага үйлөнүү сунушун киргизип, ата-энелерибиз таанышып, сүйлөшүштү.

Ошко келин болдум, учурда жолдошум, уулум болуп Бишкекте турабыз. Жолдошумдун уулум Даниелге болгон мамилеси жакшы болгону баш кошконго макулдугумду берүүгө себеп болду. Азыр ал уулума өз атасындай эле мамиле жасап, тарбия берип, окутуп жатат.

Жолдошум мени чыгармачылык жактан чектебейт. Экинчи клибимди тартуу процессине күбө да болгон. Буюрса, алдыда жакшы пландарыбыз бар. Жакшы ырлар болсо аткарам», — дейт ал.
Супер кж

Get real time updates directly on you device, subscribe now.