Өлкөдө акча алмаштырууда көзөмөл күчөтүлөт

0

Улуттук банк акча алмаштыруу бюролору үчүн жаңы талаптарды бекитти. Эрежелер 14-январдан тартып күчүнө кирет.

Маалыматта айтылгандай, ири же адаттан тыш операциялар учурунда акча алмаштыруу жайлары кардарлардын документтерин текшерип, акчанын келип чыгышын сурай алат. Бул талап жарандарга да, чет өлкөлүктөргө да тиешелүү болот.

Жаңы тартип акча адалдоого жана каржылык кылмыштарга каршы күрөшүү максатын көздөйт.

 

Get real time updates directly on you device, subscribe now.