Өзүңдү өлбөсмүн деп ойлобо. Бүгүн сенин бутуңдун астында өсүп жаткан чөп эртең сенин мүрзөңдө өсөт

0

Өлбөстүк деген нерсени жакындарынан айрылып, кайгыргандар ойлоп табышкан.

(Гюстав Флобер)

Өлбөстүк алгачкы жүз жылда гана сүйүндүрөт.

(Ольга В.Арефьева)

Эгер учкуч өлбөстүккө ишенсе, жүргүнчүлөрдүн өмүрү коркунуч астында калат.

(Гильберт К.Честертон)

Жашоо – биздин өлбөстүгүбүздүн балалык чагы.

(Вольфганг Гете)

Жакшылык гана өлбөйт.

(Шота Руставели)

Каакымдын өлбөстүгү – анын өлүмүндө.

(Эмил Кроткий)

Шерлок Холмс – эч качан жашабаган, бирок эч качан өлбөй турган киши.

(Орсон Уэллс)

Жирафтын мойнунда бүргө өзүн өлбөс экем деп ойлой баштайт.

(Станислав Ежи Лец)

Өлбөс кишилер өздөрүнүн өлбөс экенин билишкен эмес.

(Силован Рамишвили)

Гений – жөнөкөй адамдын өлбөс варианты.

(Сергей Довлатов)

Өлбөс кишилер өлүк болуп туулушат.

(Рамон Гомес де ла Серна)

Өлбөстүк кандай коркунучтуу нерсе экенин алтын тоюңду белгилеп жатканда түшүнөсүң.

(Акрам Муртазаев)

Коркоктук ушул кезге чейин эч кимди өлбөс кыла элек.

(Гай Саллюстий Крисп)

Ар бир Кощей өзүн өлбөсмүн деп ойлойт.

(Георгий Милляр)

Өлүм – өлбөстүктүн башталышы.

(Максимилиан Робеспьер)

Биз баарыбыз өлбөспүз, бирок адегенде өлүшүбүз керек.

(Мирча Элиаде)

Кудай бар же жок экенин билбейм, бирок болушун каалайт элем. Ал бар болсо, мен өлбөсмүн.

(Гарегин Нжде)

Өлбөстүккө тирүү кездеги эмгегиң менен жетишесиң.

(Силован Рамишвили)

Эгер өлбөстүк өлүмдөн баштала турган болсо, ага шашылуунун кереги барбы?

(Леонид Зорин)

Өлбөстүк үчүн бир эле чыгарма жазып койсоң жетиштүү.

(Силован Рамишвили)

Быштак – бул сүттүн өлбөстүккө жасаган секириги.

(Клифтон Фадиман)

Өлбөстүк – түбөлүк жарык.

(Андрей Владимирович Лаврухин)

Өлө электе өлүш керек, ошондо гана өлбөстүккө жетишесиң.

(Исмаил I)

Өлбөстүк – бул өмүрдүн соңундагы көп чекит.

(Валентина Николаевна Беднова)

Өлбөстүк өзгөчө адамдардын привилегиясы сыяктуу.

(Николай Фёдорович Фёдоров)

Жөнөкөй кишилер үчүн өлүм акыркы аялдама, ал эми генийлер үчүн бул өлбөстүк жолундагы кыска тыныгуу.

(Принцалександр)

Адам тирүү турганда өлбөстүккө мүмкүнчүлүгү бар.

(Вадим Синявский)

Ким өлбөс болгусу келсе, татыктуу, таза жашашы керек.

(Антисфен)

Өлбөстүккө ишенмейинче өлүмдү жеңүү кыйын.

(Сергей Малешин)

Жашоонун өзү өлбөстүктүн механизми.

(Овсеп Петросян)

Адам көз жумуп, бирок унутулбаса – ал өлбөс.

(Лао Цзы)

Өзүңдү өлбөсмүн деп ойлобо. Бүгүн сенин бутуңдун астында өсүп жаткан чөп эртең сенин мүрзөңдө өсөт.

(Ибн Сина)

Мамат Сабыров 
«Азия Ньюс» гезити

Get real time updates directly on you device, subscribe now.