Апам менен кошо соолуган розалар

0

Бүгүн эрте турдум, апамдын биз менен коштошуп кеткен күнү эле. Камыр жууруп боорсок кылып апама куран окутуп койойун дедим. Терезедеги гүлдөр менин ар бир кыймылымды баамдап карап тургандай. Апам гүлдөрдү аябай жакшы көрчү. Жайында үйдүн ичи короо гүлгө оронуп эле бейиш жыттанып калар эле. Биз да апамдын гүлдү жакшы көргөнү үчүн майрамда гана эмес жөн күндөрү да челектеги гүлдөрдү апкелип береер элек. Аябай сүйүнүп гүлдү койуп алып көпкө карайт эле. Үйгө келгендер да суктанып сурап калышчу. Апам көчөттөрүнөн берип койчу. Апам бир жака кетсе да гүлдөрүн аябай дайындап, жазып да кетчү.  Бир күнү апам 7 розанын көчөтүн алып келди. Аны отургузуп суу куйуп койдук. Бул меники болот-деп бирөөнү мен энчилеп алдым, мени көргөн иним да өзүнө энчиледи. Экөө атам менен апамдыкы калганы бир туугандарымдыкы болду. Күндөн күнгө  гүлдөр кулпуруп өсө берди. Розалардын таажылары  ачканда короо буркурап жыпар жытка толду. Бир күнү сиңдим ооруп калды, атам менен апам тынбай доктурга каттайт. Мен сабактан келип кирип келе жатып гүлдөргө көзүм түштү. Сиңдимдин гүлү соолуй тушуптур. Дароо суу куйуп койдум, эртеси андан да жаман болуп калыптыр. Сиңдимдин да ахывалы начар. Эртеси да кирип эле гүлдү карайм жалбырактары көтөрүлүп кичине тирилип калыптыр. Атаман сурасам кудайга шугур жакшы деди..Ал кезде балалык баё сезим менен балким дал келип калганданбы? Айтор адамдын ден соолугу гүл менен байланыштуу болгондой ишенип алгам.Сиңдим ошо менен жакшы болуп кетти.

Көп өтпөй апам ооруп калды эмнеден экени да табылбай койду. Апамдын гүлдөрү соолуса эле жооруй берем. Мен улуусу болгонго апамдын жанында болдум, таежем келип мен карайын сен барып эс ал деп калды. Үйгө келсем гүлдүн көбү соолуп калган ыргытсам эле жамандык болчудай суу куя бердим. Апам 6 айлап жатып калды, аябай кыйналып кетти. Эч кимди көргүсү келбей калды эч кимди бөлмөсүнө киргизбейт. Ошентип жатып бир күнү жакшынакай болуп сүйлөп калды. Мен силер менен чай ичким келди чогуу даярдагылачы деп суранды. Биз да   сүйүнүп үстөлдү апам жаткан жерге жылдырып баарыбыз чай ичип жаттык. Апамды жөлөп отургуздук,ошол убак кандай бакыт экенин эми түшүнүп жатам. Апам бизге жалбарып койот, акырын гүлдөрүн карап жатты. Гүлдөрүмдү карап койсоңор деп аяр суйлоду, апа сиздей карай албайт экенбиз  өзүңүз жакшы болуп карабасаңыз дедим.Ооба карай албайт экенсинер деп отуруп калды. Биз менен жакшы сүйлөшүп отурду, чалган бир туугандарына жакшы болуп калды десем баары сүйүндү. Ал күнү апамды жуундуруп чачын кургатып өрүп бердим. Ыраазы болуп ден- соолугумду тилеп батасын берип жатты. Мен да көңүлүм тынч уйкуга кеттим.Эртен менен эрте туруп чайын, дарысын бериш  сиңдимдин кезеги эле апам уктабай калганда  кезек менен туруп калганбыз. Кечинде атам апамдын жанында көпкө сүйлөшүп отурду. Менин  көңүлү тынч уйкуга кетиптирмин. Бир убакта атамдын жулкулдатып ойготконунан ойгонуп кеттим,карасам атам апаң кыйналып жатат деп доктурга чалып жаткан экен. Жанымда жаткан сиңдим ойгонуп кетип туруп эле жөнөдү. Мен халатымды кийгиче сиңдимдин апааа-деген ачуу үнү тынчтыкты жарды. Шашкандан халаттын жеңи табылбайт, бутум кишенделип баса албай бир  бөлмөдөн бир  бөлмөгө киргиче жаным чыгып кетмей болду. Апам кыйналганынан  төшөктү алып салып кыйналып жаткан экен. Көзү аңтарылып дем жетпей жан далбастап жатканда колунан эч нерсе келбей колун кармалап апалап отурганымды эч кимдин башына салбасын. Доктурлар бат эле келген экен, укол сайса эле апамдын жанын алып калчудай ооох деп үшкүрүнүп алдым. Укол сайганда эле жаны жай ала  түшкөндөй болду. Бизди эшке чыгарып койду врачтар да кетип калды. Аңгыча молдо кирди анда деле бизде  өлүмдөн кабар жок отурабыз. Молдо келип дем салып турчу көрсө апам узап кетиптир. Сиңдим эшиктен шыкаалап турган ал билип калыптыр апааа деп бакырып кирип эле бутуна жыгылды.  Баарыбыз эле ычы чуу болуп калдык. Кошуналар келип баарыбызды аркы  бөлмөгө  киргизип сооротуп жатышты. Сиңдимдин апамдын бутун коё бербей чыңырганы азыркы  күнгө чейин кулагымда. Энесинен бөлүнүп калган козудай болуп,  көңүл айткан кишилер менен чогуу ыйлай бердик.  Ушуну менен эле жашоо токтоп калгандай, баары  бүткөндөй, жардын кырында тургандай болдум. Кечээ эле жакшынакай турган апам  бүгүн кетип калганына ишенбей турдум. Көрсө апам өзүн  түзөгөн тура. Апам жаткан бөлмөнү карап койом. Кыргызымдын жакшылыкта, жамандыкта бири бирин колдоп кеткенинен айланса болот. Апамды майрам сууга алып, боз үй тигип жаткырып койушуптур. Эшиктин алдына суу себилип дарбаза ачылып отургучтар тизилип, самоор,казан табактар  алынып келинип, келиндер боорсоко камыр жууруп жатышыптыр. Кошуналар келип көз  көрсөтүп кетип жатышты. Боз үйдө кыздар, сыртта эркектер аза  күтүп жаттык.  Биринчилерден болуп апамдын  төркүнү келишти. Боз  үйгө биринчиден болуп тайенем баш бакты, алы куруп, шалдырап   өзүн  араң кармап ээги титиреп бизди  көргөндө ооо шордууу жетимдерим дегенде баарыбыз бакырып ыйлап калдык. Тайнем баарыбызды ооп ыйлап жатса жанына тура албайсың.  «Оо шордууум ушулардын чайын ичпейт белең, сени алгыча мени албайбы» деп-кудайга  күнөөкөр болуп жатты. Апамды узатар убакыт  да келди. Апамды ушу бойдон таптакыр көрбөйм деген ой меемди  көзөп кетет. Апаңар менен коштошуп алгыла,ыйлабагыла деди.Томсоруп баарыбыз турдук апамдын бетин ачты.  Чиркин ай оорудан азып, бети бырышып,  көзү  чөгүп кеткен апам жок. Бир жакшынакай болуп бетине кызыл  жүгүрүп, мемиреп уктап жаткандай. Кайдан ыйлабайсың өпкөм  өпкөмө батпай жаттым, тайенем баса албай калды ары жака алып кетишти. Жаназа окулуп жатты, ошончо адамдын алдында жаткан апамдын  сөөгүн карап бир  күнү баарыбыз ошол жерге жатарыбызга шек жок экен да деп отурдум. Жаназа бүтүп апамды  көтөрүп жөнөштү. Биз болсо чуулдап ыйлап кала бердик. Эми эмне кылабыз? дегендей бир туугандарым мени карашат. Күндөр чубап   өтө берди, бир күнү атам акыркы күнү апам менен сүйлөшкөнүн айтып берди. Апам өлөрүн сезген окшойт атама бизди аябай дайындаган экен. Окут деген экен баарыбызды окутту.Апаңардын  гүлдөрүн жакшы карагыла келип карап турам деген деп койду. Ошол сөз баарыбыздын  жүрөгүбүздө калыптыр. Мурда суу куй карап кой дедирип атып карачу элек, азыр баарыбыз карайбыз. Баягы апамдын розасы таптакыр эле соолуп куурап калган  кийин соонун болуп өсүп кетти. Өлгөндүн өз шору демекчи ал  күндөр да артта калды,  жүдөп кеткен атам  өзүнө келип алган. Кийин  үйлөнөм деп калды эч кимибиз каршы болгон жокпуз. Бир гана апамдын гүлдөрүн жакшы карашын сурандык. Баарыбыз  өз жайларыбыз менен кеттик. Баягы апам жакшы көргөн  гүлдө  көчөт алып отургузуп алганбыз, аты башка болсо да бизде ,,апамдын гулу » аталып калган. Андан бери 34жыл  өтүптүр. Бир күнү атам менен сүйлөшүп отуруп апам менен сүйлөшкөн акыркы түндөгүмсөздөрүн сурасам, мен силерди сооротуп   алаксысын деп эле айтып койгом дейт. Биз болсо бала болуп ошол апамдын гүлү менен сүйлөшүп, сырдашып жүрдүк. Үйдө бир жакшылык болоордо ошол  гүлдөр бажырайып ачылаар эле, апам келди деп алар элек. Терезедеги  гүлдү жыттабай,  апаңарды жыттап, кучактап жакшы  сөздөрүн угуп тамашалашып, сырдашып, ушакташып чай ичишкен  күндөрүңөрдү узак кылсын. Алтын апалар аман болгула, чыгармам жүрөгүңөрдүн  түбүнөн түнөк тапсын…

02.06.2023

Саламат.Румо.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.