Ар бир жымжырттыктын өз обону бар

0

Кээ бир кишилер менен отурганда кыйналып кетем. Алар жандүйнөмдү, жымжырттыкты тыңшаганга жолтоо болушат.

(Марина Цветаева)

Жымжыртык – бул эң ишенимдүү дос. Сыналган дос. Ага сенден эчтекенин кереги жок. Жаныңа отурат да сага тынчтык тартуулайт. Бир гана нерсе, жымжырттыкты унчукпоо менен чаташтырбаш керек.

(Эльчин Сафарли)

Телефондун унчукпай калганынан өткөн катуу кыйкырык жок.

(Лоуиз Уайс)

Жүрөгүндө унчукпоо бар киши менен жүрөгүндө жымжырттык бар кишинин бири-биринен айырмасы чоң.

(Милорад Павич)

Эң катуу кыйкырык – бул жымжырттык.

Эң жарык нерсе – бул түн.

(«Пикник» ырынан)

Ызы-чуу – жымжырттыкты аныктоочу нерсе. Ызы-чуу болбосо биз жымжырттыктын баркына жетмек эмеспиз.

(Чак Паланик)

Камин, китеп, жымжырттык. Мурда булар мещандыктын белгиси катары көрүнчү. Азыр болсо биз жоготуп алган бейиш сыяктуу сезилет.

(Эрих Мария Ремарк)

Мага Көктүн кереги жок. Мен үчүн эң чоң сыйлык – бул жымжырттык.

(Чак Паланик)

Жымжырттыкты тыңдай билүү – бул чексиздикти уга билүү жөндөмдүүлүгү.

(Энн Уильсон Шеф)

Унчукпоо да чоң талант.

(Федор Достоевский)

Жымжырттык – мен уккан добуштардын эң жакшысы, эң керемети өзүңсүн.

(Борис Пастернак)

Кээде өзүң жалгыз отурганда да жымжырттык керек.

(Джей Эшер)

Адегенде үч жолу ойлон да, анан унчукпай кал.

(Анри Ренье)

Жымжырттыктын сүйлөөсүнө мүмкүндүк бериш керек. Жымжырттыкты уга билген киши туура жоопторду алат.

(Факундо Арана)

Жымжырттыкта да үн бар.

(Джоди Пикольт)

Мен момун кишимин. Унчукпай отурган кезде жыргап, бактылуу болуп калам.

(Тильда Суинтон)

Жымжырттык – бул ырайым, бизге берилген эң чоң бакыт.

(Джастин Торрес)

Дүйнөдөгү улуу нерселердин баары унчукпоодо жашайт, жымжырттыктын тили менен сүйлөйт.

(Иван Ильин)

Музыкадан өткөн бир гана жакшы нерсе бар. Ал – жымжырттык.

(Поль Клодель)

Жымжырттык – ийгиликтин жарымы.

(Эрих Мария Ремарк)

Эгер жымжырттык болбосо биз үндү кайдан түшүнмөкпүз? Эгер караңгылык болбосо биз жарыкты кайдан түшүнмөкпүз?

(Наталья Солнцева)

Башкаларды угуш үчүн өзүң унчукпай турушуң керек.

(Урсула Ле Гуин)

Ар бир жымжырттыктын өз обону бар. Ар бир боштуктун өзүнүн унчукпаган ыры бар.

(Петр Квятковский)

Мамат Сабыров 
«Азия Ньюс» гезити

Get real time updates directly on you device, subscribe now.