22-апрелде Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын атайын комиссиясы тарабынан мурунку премьер-министр Сапар Исаков жаза өтөй турган жер аныкталган.
Эки инстанциядагы соттун чечими менен Сапар Исаков Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 43-беренесинин 2-бөлүгүнүн, 319-беренесинин 2-бөлүгү (2017-жылы киргизилген өзгөртүүлөр боюнча боюнча күнөөлүү деп табылып, анын негизинде 6 категория боюнча 15 жылга эркинен ажыратылган.
Комиссиянын чечими менен Исаков СИЗО-1 мекемесинен Чүй облусунун Москва районундагы Петровка айылында жайгашкан жалпы режимдеги №8 түзөтүү абагына которулган.
Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун 2019-жылдагы отчетуна ылайык, аталган мекеме 1969-жылы курулган. Эң көп дегенде абакта 1000 адам кармалат. Мекеменин аймагында бир кабаттуу турак жай, эки кабаттуу беш турак үй жана үч кабаттуу имарат бар.
⠀
Булак: barakelde.org
Sign in
Sign in
Recover your password.
A password will be e-mailed to you.
Get real time updates directly on you device, subscribe now.