35жаштагы кызым күйөө эмес телефон тууралуу кыялданат

0

35жаштагы кызым жапжалгыз. Анын көзүн карап жүрүп ушул ахыбалга жеткирдим деп өзүмдү күүнөлөйм. Эки жогорку билим алган, иштейт, бирок карьерага да кызыкпайт. Тапкан ташыганым чогултуп өзүнчө үй да алып бердим. Дем алыш кундорү мага келет. Бирок интернет чукулугандан башкажумушу жок. Анын жеке жашоосу жок. Күйөөм экөобүз ажырашып кеткенбиз. Башка брөө мнен жашап жүрөм. кызым анын кемчиликтерин тынбай көрсөтүп жек көрөт. Өзүнүн атасына деле кош көңүл. Салкын ал жай сурашып коет. Бүгүн кызым менен көпкө сүйлошүп өтөөр кетерди айттым.  Үй-бүлө тууралуу көп нерсени аййтым. Кызым болсо отуруп отуруп күйөөнү эмес акыркы моделдеги телефонду кыялданып жүргөнүн айтты. Эмне кылам кейидим. Катуу айтсаң таарынат. Кайра аны ойлоном. Эми кандай кылам?

 Фарида

Get real time updates directly on you device, subscribe now.