С витамини көп 8 азыктын тизмеси: Ит мурун, кара карагат…

0

Нутрициолог С витамини адамды калыбына келтире турчу бардык процессте керек болгон жападан жалгыз антиоксидант экенин белгиледи.

 Нутрициолог Яна Иванова организмге С витамини жетишпей жатканда кандай белги берерин айтып, бул витаминге бай азыктарды атады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Адистин айтымында, организмге аскорбин кычкылы жетишпей жатканда адам бат чарчап, көп нерсеге кайдыгер боло баштайт. Ошондой эле ишке жарамдуулук азайып, үшүкчөөл болуп калат. Мындан сырткары, тырмактар бат сынып, чач түшүп, тиштер бошойт.

Нутрициолог С витамини адамды калыбына келтире турчу бардык процессте керек болгон жападан жалгыз антиоксидант экенин белгиледи.

Мындан сырткары, ал инфекция, сасык тумоого каршы турууга аскорбин кычкылы жардам берерин айтып, борбордук нерв системасын жакшы иштетерин кошумчалады. Ошондой эле канда глюкозанын деңгээлин да жогорулатат.

«Ачытылган капуста С витаминине бай. Ит мурун, кара карагат, киви, ананас, чычырканак, петрушка жана брокколини көп жегендер дагы аталган витаминге муктаж болбойт», — деди Иванова.

Спутник

Get real time updates directly on you device, subscribe now.