Бишкек-Ош унаа жолунда оор жүк ташуучу унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиргендей, жол кырсык кечээ 6-июлда болгон.
Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында саат 15:54тө Масалиев көчөсүндө Ивеко оор жүк ташуучу унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Жабыркаган жана каза болгондор жок.
Жерине келген куткаруучулар оодарылып кеткен унааны чыгарып беришкен.
