Аномалдуу ысыкта жумуш күнү кыскарабы? Эмгек министрлиги билдирет

0
Өлкөнүн Эмгек кодексинде абанын аномалдуу жогорку температурасына байланыштуу жумуш күнүнүн узактыгын милдеттүү түрдө кыскартуу каралган эмес. Бул тууралуу Эмгек министрлиги маалымдады.
Мыйзамдарга ылайык, иш берүүчүлөр кызматкерлер үчүн коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылууга милдеттүү.
Министрлик эмгекти коргоо боюнча талаптарды сактоо ар бир иш берүүчүнүн милдети экенин эскертти.
Синоптиктердин маалыматына ылайык, өлкөнүн айрым аймактарында 14-июлдан 18-июлга чейин аптаптуу ысык аба ырайы күтүлүп жатат.

 

Get real time updates directly on you device, subscribe now.