Президент Садыр Жапаров калк үчүн тарифтерди, жыйымдарды, кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын жогорулатууга убактылуу мораторий киргизди. Бул тууралуу жарлыкка кол койгону 10-июлда жарыяланды.
Мындай мораторий бир жылдык мөөнөткө киргизилди жана анын максаты жарандардын кызыкчылыктарын коргоого, үй-бүлөлүк бюджеттердин туруктуулугун сактоого жана калкка кошумча финансылык жүктүн түшүшүнө жол бербөөгө багытталган.
“Мораторий күчүндө болгон мезгилде мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер менен ишканалар мораторийге кирген төлөмдөрдү жогорулата албайт. Өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылууга, стратегиялык мааниге ээ тармактардын жана критикалык инфраструктуранын үзгүлтүксүз иштешине, Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин аткарууга байланыштуу учурларда гана өзгөчө жагдайлар каралган”, – деп жазылган маалыматта.
Мындай чектөө чыгымдардын кескин өсүп кетишин алдын алып, калктын аялуу катмарын колдоого мүмкүндүк берери жазылган.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөгү баалардын кымбатташы боюнча маселе быйыл апрелде Жогорку Кеңеште көтөрүлгөн. Депутат Дастан Бекешев Калкты тейлөө борборлору кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы 34% чейин өсүп кеткенин айтып, муну «бизнес-долбоор» деп мүнөздөгөн.
Улуттук банк быйыл май айына карата берген маалыматында Кыргызстандагы инфляцияны 11% деп көрсөткөн.
Улуттук статистика комитетинин апрелдеги маалыматында, азык-түлүк 10,8%, андан башка товарлардын баасы 9,2%, тамеки жана алкоголдук продукция 8,9% жогорулаган. Кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө баалардын өсүшү мындан да жогору – 17,2% түзгөн.
Өкмөт кымбатчылыкка күйүүчү майдын баасынын өсүшү көп таасир этип жатканын, анын алдын алуу үчүн маяналарды көтөрүп, бааны туруктуу кармоо аракетин көрүп жатканын айтып келет.