Бир суткада 10 миңден ашык адам эмдөөдөн өттү

0

Кыргызстанда акыркы бир суткада коронавирус инфекциясына каршы 10 миң 114 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Анын ичинен 3 миң 862 адам вакцинанын биринчи дозасын, 6 миң 252 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча 760 миң 425 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 561 миң 324 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.