“Чет элдик номердеги унаалар кайра мыйзамдашат: эми скутерлер да легалдаштырылышы мүмкүн”

0

Бүгүн, 28-майда Жогорку Кеңештин жыйынында парламент төрагасы Марлен Маматалиев чет элдик номер менен жүргөн унааларды мыйзамдаштыруу жараяны уланарын билдирди. Анын айтымында, жакынкы күндөрү бул боюнча президенттин тиешелүү жарлыгы чыгышы күтүлүүдө.

Маматалиев мыйзамдаштыруу программасына өлкөгө мыйзамсыз киргизилген скутерлерди дагы кошуу сунушталганын айтты. Себеби буга чейин мындай транспорт каражаттарын каттоо боюнча так норма болбогондуктан, көптөгөн скутерлер көзөмөлсүз түрдө кирип кеткен.

“Азыр скутерлер А1 категориясындагы айдоочулук күбөлүк менен каттала баштайт. Мурда мындай талап жок болгондуктан, алардын көбү мыйзамсыз алып келинген”, — деди төрага.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда чет элдик номерлүү унааларды легалдаштыруу маселеси акыркы жылдары коомдо кызуу талкууланып келет. Өкмөт буга чейин да мыйзамсыз кирген айрым унааларды этап-этабы менен каттоого алуу иштерин жүргүзгөн.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.