Газадагы согушту токтотуу тууралуу макулдашуу Израилдин өкмөтү бекиткен соң гана күчүнө кирет

0

Израилдин министрлер кабинети Газадагы согушту токтотуп, туткундарды бошотуу боюнча ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюмунун ортосундагы макулдашууну жактыруу үчүн чогулат. Бул тууралуу премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун кеңсеси 17-январда билдирди.

Буга чейин кабарлангандай, жумага караган түнү Катардын баш калаасы Дохада тараптар макулдашуунун соңку версиясына кол коюшту. Азырынча аны бекитүү үчүн Израилдин Аскердик-саясий кабинети так качан чогулары белгисиз. Алар бекиткен соң макулдашууну өкмөттүн толук курамы жактырышы абзел.

Айрым маалымат каражаттары Нетаньяхунун жардамчыларына таянып, ок атышууну токтотуу жараяны буга чейин айтылгандай 19-январда эмес, 20-январда күчүнө кириши мүмкүн экенин жазышты.

Газа тилкесинин өзүндө Израилдин аскердик учактары абадан сокку урууну улантууда. Аймактын Саламаттык сактоо башкармалыгы 16-январдын кечинде билдиргендей, тараптар ортосундагы элдешүү жараяны жарыялангандан кийин жасалган чабуулдардан 80дей кишинин өмүрү кыйылды.

Булак: Азаттык

Get real time updates directly on you device, subscribe now.