Грузия парламенти ЛГБТга каршы мыйзам кабыл алды

0

Грузия парламенти бүгүн 17-сентябрда ЛГБТ өкүлдөрүнүн укуктарын чектеген, алардын түрдүү иш-чараларды уюштуруусуна тыюу сала турган мыйзам долбоорун үчүнчү, жыйынтыктоочу окууда колдоп, кабыл алды.

Оппозициядагы депутаттар добуш берүүнү бойкоттошту. Ушул эле күнү борбор калаа Тбилисиде, парламент имаратынын алдында нааразылык  акциясы  өттү, анын катышуучулары өкмөт грузин коомчулугундагы үй-бүлө маселесинин чыныгы көйгөйлөрүн көз жаздымда калтырып жатканын айтып чыгышты.

«Үй-бүлө баалуулуктары жана жашы жете электерди коргоо жөнүндө» деп аталган укуктук актылар пакети аркылуу жалпысынан 18, анын ичинде сөз жана ой эркиндиги тууралуу мыйзамдарга толуктоо жана өзгөртүү киргизилет.

Адам өзүн жаралгандагы жынысынан башка гендер катары көрсөтө алат же алып жүрө алат деген ойду жайылткан түрдүү жыйындарга, иш-чараларга тыюу салуучу мыйзамды бийликтеги «Грузин кыялы» партиясы иштеп чыгып, сунуштаган.

Быйыл жайында Грузияда «чет элдик агент» мыйзамы да оппозициянын нааразылыгына, миңдеген киши катышкан акцияларга карабастан кабыл алынган.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.